Бүгүн салык төлөбөй жүргөндөрдү табуу боюнча рейддик иш-чара жүрөт

Бүгүн салык төлөбөй жүргөндөрдү табуу боюнча рейддик иш-чара жүрөт

Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 4-сентябрда салык төлөбөй жүргөндөрдү табуу боюнча рейддик иш-чараларды баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Унаа, турак жай, батир жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктаган. Бирок салыкты дагы деле төлөбөй жүргөндөр арбын.   

Мыйзамга ылайык, салыктык милдеттенменин негизги суммасынан тышкары, салыкты өз убагында төлөөгө жетишпей калган жарандар административдик айып акы төлөйт. Тактап айтканда, жеке жактар – 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 миң сом айып пул салынат. Ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>