Бүгүн Жогорку Кеңештин экс-төрагаларынын отуруму болот. Ага Текебаев да чакырылган

Бүгүн Жогорку Кеңештин экс-төрагаларынын отуруму болот. Ага Текебаев да чакырылган

Ушул жылдын март айында Жогорку Кеңештин экс-спикерлери тарабынан түзүлгөн, Төрагалар кеңешинин кезектеги отуруму бүгүн, 5-октябрда Бишкекте өтөт.

Репортер агенттигине өздүк булактар кабарлагандай, бүгүнкү отурумду Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Дастан Жумабеков өткөрөт. 

“Учурдагы спикер көзү тирүү болгон 16 спикердин барын  чакырган. Алардын арасында жакында эле абактан үй камагына чыккан Өмүрбек Текебев да бар. Ал бүгүн экс-спикерлердин отурумуна катышышы мүмкүн”, — деди өздүк булагыбыз.

Төрагалар кеңешини алгачкы отуруму март айында болгон. Ага Адахан Мадумаров, Чыныбай Турсунбеков жана ошол кезде камакта отурган Өмүрбек Текебаев катышкан эмес.

4-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы 11 төрагасы Атамбаевдин айланасында болуп жаткан саясий кырдаал боюнча билдирүү жасашып, мурдагы президентке бир катар сындарды айтышкан.

Кыргызстандын эгемендик алгандан бери (Исках Масалиевди кошкондо) Жогорку Кеңешти 18 төрага жетектеген. Алардын арасынан Усуп Мукамбаевдин көзү өтүп кеткен.

Жогорку Кеңешти жетектеген бардык төрагалар:
Медеткан Шеримкулов (1990-1994),
Мукар Чолпонбаев (1995-1997),
Алмамбет Матубраимов (1995-1997),
Усуп Мукамбаев (1997-2000),
Абдыганы Эркебаев (1997-2000),
Алтай Бөрүбаев (2000-2005),
Ишенбай Кадырбеков (24-25- март 2005),
Муратбек Мукашев (24-25-март 2005),
Өмүрбек Текебаев (2005-2006)
Марат Султанов (2006-2007),
Адахан Мадумаров (2008),
Айтибай Тагаев (2008-2009),
Зайнидин Курманов (2009-2010),
Исхак Масалиев (7-8-апрель 2010),
Ахматбек Келдибеков (2010-2011),
Асылбек Жээнбеков (2011-2016),
Чыныбай Турсунбеков (2016-2017),
Дастан Жумабеков (2017- азкыр учурда).

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>