Бүгүн ажыга зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага учат

Бүгүн ажыга зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага учат

Бүгүн 16-июлдан 17-июлга караган түнү ажылык сапарга аттанган кыргызстандыктардын алгачкы тобундагы 392 адам Бишкектен Сауд Арабиясына учат. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Ажылардын алгачкы тобун узатуу иш-чарасына муфтий Максатбек ажы Токтомушев,  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчилигинен өкүлдөр жана быйылкы ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Замир каары Ракиев  катышмакчы.

Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл.

 “Манас-2″ эл аралык аэропортунан каттоо иши түнкү саат 1:00де башталмакчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>