Бүгүн Бишкек ЖЭБде болгон авариядан эки адам жабыркады

Бүгүн Бишкек ЖЭБде болгон авариядан эки адам жабыркады

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек ЖЭБдин жетинчи турбинасында авария болду. Андан эки адам жабыркады. Бул тууралуу  «Электр станциялары» ишканасынан билдиргенин «Кактус» жазып чыкты.

Алдын ала маалымат боюнча авариянын кесепетинен электр ширетүүчүлөр күйүк жараатын алышкан. Алар ооруканага жеткирилди, ден соолугуна олуттуу коркунуч жок.

Турбинадагы авария электр иштеп чыгууга эч кандай таасирин тийгизбейт. Ал эми авариянын келип чыгуу себебин атайын комиссия иликтейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>