Бүгүн Бишкекте «Ак илбирсти сактайбыз» аттуу марафон өттү

Бүгүн Бишкекте «Ак илбирсти сактайбыз» аттуу марафон өттү

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкекте “Ак илбирсти сактайбыз” аталышындагы эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өттү.

Марафон учурунда Чыңгыз Айтматов, Чүй, Киев, Абдрахманов көчөлөрү бир нече убакытка жабык турду.

Катышуучулар 1,14 жана 21,1 чакырымды Бишкектин түштүгүндөгү Жеңиш паркынан Манас көчөсү менен Ала-Тоо аянтына чейин чуркап өтүштү. Бул иш-чарага шаардыктар, бир катар депутаттар жана коомдук ишмерлер катышты.

Байге фонду 4,5 миллион сомду түзгөн Бул иш-чарадан топтолгон каражаттын 50 пайызы Ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык фондго жана «Ала-Арча» жаратылыш паркына кошумча фото капкандарды сатып алууга жумшалат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>