Бүгүн Бишкекте аялдардын тилектештик жүрүшү өтөт

Бүгүн Бишкекте аялдардын тилектештик жүрүшү өтөт

Бүгүн, 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында “Аялдардын тилектештик жүрүшү” өтөт. Бул тууралуу “Репортёрго” иш-чаранын уюштуруучулары маалымдады.

Акциянын катышуучулары саат 12:00дө “Жеңиш” аянтындагы өчпөс оттун жанында  чогулушат. Андан кийин аялдарга кодулоону токтотуу жана алардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктар менен А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына чейин жөө жүрүшкө чыгышат.

Былтыр 8-мартта биринчи жолу Бишкекте өткөн “аялдардын тилектештик жүрүшүнө” ЛГБТ өкүлдөрү да катышкан. Мындан улам бул жүрүш коомдо катуу талкууга алынып, иш-чаранын уюштуруучуларына коркутуулар дагы болгон.

Ал эми быйыл аталган жүрүштү болтурбоо үчүн Биринчи май райондук администрациясы сотко кайрылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>