Бүгүн көчмөндөр оюндары башталат. Ипподром али даяр эмес

Бүгүн көчмөндөр оюндары башталат. Ипподром али даяр эмес

Бүгүн Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталат. Бирок спорттук жана маданий иш чаралар өтүүчү ипподромдун курулушу аягына чыга элек. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Касым Рахманкулов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, жумушчулар жамгырга карабай иштеп жатышат. Көрүүчүлөр отура турган орундуктар эми гана сырдалууда. Түндүктөр болос али тагыла элек.

Белгилей кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрынан 21-сентябрына чейин Талас облусунда өтөт. Анда улуттук спорт оюндары 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталуусу күтүлүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>