Бүгүн Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Бүгүн Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Бүгүн, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, кечээ эки өлкөнүн мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөн.

“Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик визити, ошондой эле 28-ноябрда Бишкекте боло турган Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин (ЖККУ) кезектеги отуруму тууралуу сүйлөшүштү”, — деп жазылат маалыматта.

28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астындаЖККУ кезектеги жыйыны өтөт.

Ага Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>