Бүгүн кечинде Бишкектин Чүй проспектисинде унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бүгүн кечинде Бишкектин Чүй проспектисинде унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бүгүн, 31-декабрда Бишкекте Чүй проспектисинде унаа-транспортторунун каттамына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин жабылат. Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында майрамдык концерт өтөт. Ага катышкандардын коопсуздугун камсыздоо максатында ушундай чечим кабыл алынган.

Концерттик программа кечки саат 20:00дөн башталып, түнкү 23:30га чейин болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>