Бүгүн Кыргызстанда «Ак калпак» күнү белгиленүүдө

Бүгүн Кыргызстанда «Ак калпак» күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 5-март «Ак калпак» күнү. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен бекитилген. Аталган токтом улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

«Ак калпак» күнү Кыргызстанда 2011-жылдан баштап майрамдала баштаган. Бул күндү расмий майрам катары кабыл алуу керек деген демилгени режиссер Ырысбек Жабиров сунуштаган.

Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине дагы кирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>