Бүгүн Самат Курманкулов Кыргызстанга учуп келет

Бүгүн Самат Курманкулов Кыргызстанга учуп келет

Кой-Таш окуясында башынан жаракат алган Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов бүгүн Кыргызстанга учуп келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Курманкулов даарыланып жаткан Москвадагы Бурденко атындагы оорукана обсервация катары колдонууга берилип жатканы үчүн, полковникти Кыргызстанга алып келүү чечими кабыл алынган. Эми ал Кыргызстандагы ооруканалардын биринде дарылануусун улантат.

Самат Курманкулов 7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башына тийген таштан улам катуу жаракат алган.

Кыргызстанда анын башына эки жолу операция жасалып,  абалы өзгөрбөгөн соң Москвадагы Бурденко атындагы борборго жиберилген.

1-ноябрь күнү Курманкулов коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн “эрдик” медалы менен сыйланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>