Бүгүн сот Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугун карайт

Бүгүн сот Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугун карайт

Бугүн Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугу каралат. Жактоочу Замир Жоошев РЕПОРТЕР агенттигине билдиргендей, отурум саат 14:00гө белгиленген.

«Сотоко мыйзам боюнча Алмазбек Атамбаев сөзсүз алынып келүүгө тийиш.Эгер жактоочу менен шектүүнүн бири келбей калса анда отурум өтпөшү керек. Эгер мыйзам бузуп өткөрүшсө анда сотко катышууга аргасызбыз. Ошондой эле сот ачык өтүшү керек”, — деди Жоошев.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясы учурунда колго түшүп УКМКга алынып келинген. Биринчи май райондук соту Атамбаевди 26-авгутска чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камоо чечимин чыгарган. Шаардык сот да бул чечимди күчүндө калтырган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча  баары болуп Атамбаевге 14-кылмыш ишине шектелүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>