Бүгүн Тажикстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Бүгүн Тажикстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 1-мартта Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо өтүп жатат. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Шайлоого 4 млн. 900 миңге чейин шайлоочу катышат деп күтүлүүдө. Тажик парламентинин төмөнкү палатасындагы 63 мандатка 238 талапкер ат салышууда. Анын ичинен 65и партиялык тизме менен, калган 173ү бир мандаттуу округдардан катышып жатат.

Добуш берүү 3450 шайлоо участкаларында, анын ичинде Тажикстандын чет өлкөлөрдөгү 30 элчилигинде болот.

Бул 1997-жылы тынчтык келишими менен аяктаган жарандык согуштан кийин өтүп жаткан бешинчи парламенттик шайлоо. Ошондой эле Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Элдик-демократиялык партиясынын негизги атаандашы болуп келген «Ислам кайра жаралуу» партиясы катышпаган биринчи шайлоо болууда.

Тажикстандын Жогорку соту «Ислам кайра жаралуу партиясын» 2015-жылы «экстремисттик жана террорчул уюм» деп таап, ишмердигине тыюу салган.

Эл аралык байкоочулардын баамында, Эмомали Рахмон бийликте турган 1994-жылдан бери парламентке таза шайлоо өтө элек. Алардын айтымында, шайлоо бийликтин басымы алдында жана калган партиялар үчүн калыс эмес шарттарда өткөрүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>