Бүгүн тоолу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Бүгүн тоолу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Бүгүн, 19-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай маалымат Кыргызгидрометтин сайтынан алынды.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 12…17;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо -5…-10, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте 18-19-августтарда жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>