Бүгүн Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт

Бүгүн Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт

Бүгүн, 12-февралда Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт.

Иш-чарада Улан Эгизбаевдин элесине арналган “Улан уланат” атту тасма көрсөтүлүп, чет өлкөдөн келген адистер өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Былтыр Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкты “Бандиттер байырлаган Ош” аттуу иликтөөнүн автору, “Азаттыктын” журналисти Ыдырыс Исаков жеңип алган.

Журналисттик иликтөөлөр фондунун негизги максаты – коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү токтотууга багытталган журналисттик иликтөөлөрдү өнүктүрүү болуп саналат.

Кечээ, 11-февралда Бишкектеги Улуттук китепканада Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы өткөн. Аны «Улан Эгизбаев атындагы жаштар бирикмеси” уюштурду.

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак.

Эскерте кетсек, “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы  22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>