Бүгүндөн тартып Бишкекте көзөмөл күчөтүлөт

Бүгүндөн тартып Бишкекте көзөмөл күчөтүлөт

30-марттан тартып Бишкек шаарында көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу  борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында шаардын  көчөлөрүнө кошумча 400дөй патрулдук кызматкер чыгып,  санитардык-карантин эрежелерин бузгандарга карата чара көрүшөт.

30-мартка караган түнү Кыргызстандын аймагында коменданттык саат талабын бузган 148 адам кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

ИИМдин  маалыматы боюнча, жалпысынан өзгөчө абал жарыяланган беш күндүн ичинде өлкө аймагында түнкүсүн көчөдө жүргөнү үчүн 1087 адам кармалды.

сүрөт: sputnik / Табылды Кадырбеков
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>