Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө COVID-19дан 76 миңден ашык адам каза болду

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө COVID-19дан 76 миңден ашык адам каза болду

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 1 млн 362 миң 934 адам коронавирус оорусуна чалдыккан. Мунун ичинен 76 миң 367 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

“Бул көрсөткүчтөр бир жуманын ичинде эле 3 эсеге өстү. Эң коркунучтуу кабар катары буга чейин Италиядагы статистикалар айтылып жатса, учурда эң жаман сан катары Америкада бир сутканын ичинде 1736 адамдын каза болгону айтылды”, — деди Боронов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>