Бакыт Сеитов: Майрам Акаева өлкөгө келди деген маалымат фейк

Бакыт Сеитов: Майрам Акаева өлкөгө келди деген маалымат фейк

Тунгуч президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева өлкөгө келген жок. Бул тууралуу Reporter.kg` ге Ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Ал Мамлекеттик чек ара кызматына таянып, экс-канаймыдын өлгөгө келгени тууралуу маалыматты жокко чыгарды.

Ушундай эле маалыматты Акаевдин үй-бүлөсүнүн жакын адамы, коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева да айтып чыкты.

“Мен бүгүн эртең менен Бишкекке учуп келдим. Майрам Акаева келген жок, келди деген маалыматтар жалган. Ал азыр Москва шаарында”, — деген ал.

Майрам Акаева кыргызстанга келди деген маалыматты tuz.kg басылмасы өздүк булактарга таянып жазып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>