Бакыт Төрөбаев Чек ара кызматын Баткенге көчүрүүнү сунуш кылды

Бакыт Төрөбаев Чек ара кызматын Баткенге көчүрүүнү сунуш кылды

Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссияга өзгөчө макам берүү керек экенин бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү — Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Бүгүнкү күндө биздин 405 чакырым такталбаган чек арабыз бар. Алар башка картанын негизинде бул жер биздики деп айтып жатат. Кыргызстан башка жылдагы картанын негизинде биздики деп талаш-тартыш болуп келатат. Өкмөт чыр болуп жаткан жерде алдын алуу иштерин жүргүзгөн эмес. Анткени чыр былтыртан баштап келатат. Акыры ок атышуу менен аяктап жатат. Биздин комиссия начар, оперативдүү иштебегенин мойнубузга алышыбыз керек. Маалыматтар жетишсиз, контраргументтер жок. Парламент жыйынында комиссияга макам берүү маселеси көтөрүлдү. Ал агенттик же комитет болобу, азырынча билбейм. Ал чек ара маселеси боюнча гана иштеши керек», — деди эл өкүлү.

Мындан тышкары Төрөбаев коопсуздук жагын эске алып Чек ара кызматын Баткенге көчүрүүнү дагы сунуш кылды.​

Ушул тапта Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Талкуу жабык өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон тийиштүү мекеме жетекчилери чакырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>