“Балага сүйүнчүнү” эми эки күндө алса болот

“Балага сүйүнчүнү” эми эки күндө алса болот

Сүйүнчү пулду берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизми 1-июлдан тарта ишке кирди.  Эми сүйүнчү акча, облус жана шаардык башкаруу бөлүмдөрүнүн катышуусуз,электрондук система аркылуу берилет.

«Балага сүйүнчү» алуу үчүн акыркы учурларда элден көп арыздар келип түшкөн. Ошонун жыйынтыгында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бул көйгөйдү чечүү жолун тездетүү керектигин түшүнгөнүн айтат.

«Балага сүйүнчү” алуу иши татаал процесс экенин байкадым. Аны алуу үчүн 10 күндөн 2-3 айга чейин созулуп жаткандыгы боюнча өтө көп арыз-даттануулар келип түштү», — деди министр.

Кочкоров ошондон тарта аны жөнөкөйлөтүү үчүн “балага сүйүнчү” алуусуна талап кылынган документтердин санын, мөөнөтүн кыскартуунун үстүндө иш алып барып, натыйжада 1-июлдан тарта бардык аймактарда сүйүнчү акчаны берүүнүн автоматташтырылган жаңы ыкмасы ишке киргизилди.

Ага ылайык, ЗАГС, калкты тейлөө борборлору (ЦОН) жана маалымат күркөлөрү арыздарды кабыл алып, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жиберилип, ар бир балага бекитилген “балага сүйүнчү” банк аркылуу төлөнөт. Эң башкысы, ата-эне арыз бергенден тартып 2 күндүн ичинде “балага сүйүнчү” ала алат. Ошондой эле, банктан эсеп ачуу талап кылынбайт жана арыз ээсинин телефонуна транзиттик банк эсебине акча келип түшкөндүгү тууралуу СМС билдирүү келип түшөт.

Бул автоматташтырылган тартип ишке кирген алгачкы 2 күндө республика боюнча 718 наристеге “балага сүйүнчү” төлөндү. Автоматташтырылган бул жаңы ыкма жыл сайын 160 миңдей үй-бүлөнүн ишин жеңилдетет. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>