Балыкчыда мыйзамсыз өндүрүлгөн 21 миң бөтөлкө арак тартып алынды

Балыкчыда мыйзамсыз өндүрүлгөн 21 миң бөтөлкө арак тартып алынды

Мамлекеттик салык кызматы менен Экономикалык кылмыштуулукка күрөшүү кызматы Балыкчыда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган фирманы аныкташты. Бул тууралуу  салык кызматы билдирет.

“Балыкчы алко трейд” арак продукциясияларын лицензиясыз чыгырып келгенидиктен Айыл чарба министрлиги  2020-жылдын 14-январына чейин ишкананын ишмердигине тыю салган.

Бирок ишкана лицензиянын колдонуу мөөнөтүн жаңыртууну салык органына маалымдабастан ишмердигин жүргүзө берген.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 0,5 литрлик идиштеги 21 миң 200 бөтөлкө арак продукциясы тартып алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>