Токмокто тойго барган 20 киши ууланып, ооруканага кайрылышты

Токмокто тойго барган 20 киши ууланып, ооруканага кайрылышты

Чүй облусундагы Токмокко тойго баргандар массалык түрдө ууланышты. Бул тууралуу Reporter.kgге Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 20 киши жабыркап, жергиликтүү ооруканага кайрылышкан. Алардын ичинен 4тү ооруканага жаткырылган. Абалдары орто. Тойго баргандар эмнеден ууланганы тууралуу так маалымат жок. Учурда изилдөө иштери жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>