Банкты тоногондор канча акчаны карактап кеткени белгилүү болду

Банкты тоногондор канча акчаны карактап кеткени белгилүү болду

«ЭкоИсламикБанктын» филиалын тоногон кылмышкерлер жалпысынан 1,5 миллион сомго жакын акчаны  карактап  кетишкен. Бул тууралуу укук коргоо органдарына таянып бир катар басылмалар жазышууда.

Аталган факты Жазык кодексинин “Каракчылык» беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Белгилей кетсек, Бишкектеги Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги «ЭкоИсламикБанктын» филиалын 26-ноябрь күнү эрте менен каракталган.

Алдын ала маалыматка ылайык, куралчан эки киши банктын  күзөтчүсүн сабап, андан соң  кассадагы акчаны алып изин жашырып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>