Башкы прокуратура «7-апрель шейиттери» мечитинин кайсы акчага салынганын иликтеп жатат

Башкы прокуратура «7-апрель шейиттери» мечитинин кайсы акчага салынганын иликтеп жатат

Кечээ АКИpress агенттиги Башкы прокуратурага таянып, Бишкек шаарындагы «7-апрель шейиттери» мечити Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мүлктөрүнүн тизмесине эмне себептен киргизилбегенин жазып чыгышкан.

Мунун себебин басылмага көзөмөл органындагы булактар «мечит донорлордун акчасына курулуп, мамлекеттик баланска өткөрүлүп берилген” деп түшүндүргөн.

Бүгүн, 3-сентябрда Башкы прокуратура билдирүү таратып,  АКИpress агенттиги жазып чыккан маалыматты алар бербегендигин айтып, мечит кайсыл акчага салынганы иликтенип жатканын билдиришти.

“Козголгон кылмыш иштерди тергөө учурунда мечитти Атамбаев салганы белгилүу болду.  1 гектар жерди ээлеген мечит “Форум” ишканасына тиешелүү. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен бул мүлктөр камакка алынды. Учурда Атамбаевдин мечитти кайсы акчага салганы иликтенүудө”,  — деп жазылат маалыматта.

Башкы прокуратура буга чейин  мурдагы президент Алмазбек Атамбавке жана  анын жакындарына таандык 135 кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү камакка алган.  Кийин ал мүлктөрдүн 20сы камактан чыгарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>