Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке 91 миллион сомдон ашык акча которду

Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке 91 миллион сомдон ашык акча которду

Башкы прокуратура коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 91 млн 694 миң 937 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жалпысынан башкы көзөмөл органыны бирдиктүү эсепке 605 миллион 956 миң 902 сомду которгон.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачылган. Ага экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өндүрүлгөн акчалар түшөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>