Башкы прокуратура: депутат Дастан Бекешев салык декларациясына киреше-чыгашасын толук көрсөткөн эмес

Башкы прокуратура: депутат Дастан Бекешев салык декларациясына киреше-чыгашасын толук көрсөткөн эмес

Башкы прокуратура депутат Дастан Бекешевге салык декларациясы боюнча жооп берди.

Эл өкүлүнө берген жообунда Дастан Бекешев киреше-чыгашасын толук көрсөткөн эместигин белгилеген.

«Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта эллегендер адамдардын кирешеси, чыгышасы, милдеттери жана мүлкү жөнүндө» мыйзамды бузган. Ал банктагы каражатын көрсөткөн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Башкы прокуратура декларациясы туура эмес толтурулган 70 депутат боюнча корутунду келип түшкөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, Дастан Бекешев Салык кызматы анын салык декларациясын Башкы прокуратурага жөнөткөнүн өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялаган болчу.

«Буга чейин менин бирдиктүү салык декларациямды текшере тургандыгын эскертишкен. Мен бул талапты өзүм жибергем. Салык кызматы буга жооп катары менин декларациямдан келишпестиктер бар экенин билдирди (алар абдан майдачылдар) жана менин бирдиктүү салык декларациямды учурда Башкы прокуратура карап жатат. Мен  албетте ар бир пунктка тиешелүү жоопту кат түрүндө даярдап жатам», — деп жазган Дастан Бекешев.

Бекешев билдиргендей, анын декларациясынан үч мыйзам бузуу табылган. Биринчиден ал курулуп жаткан батирин декларацияга кошуп койгон, экинчиден эл өкүлү депозиттин кирешесин толук эмес көрсөткөн, үчүнчүдөн ал коомдук бирикменин мүчөсү катары өзүн көрсөткөн эмес. Муну депутат унутуп калганы жана жакын арада ал уюмдан чыга тургандыгы менен түшүндүргөн.

«Ооба, булар мыйзам бузуу болуп эсептелинет, бирок дароо Башкы прокуратурага жибергидей эч кандай жүйө жок», —  деп айткан эл өкүлү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>