Башкы прокуратура: Курсан Асановго кылмыш иши ачылды

Башкы прокуратура: Курсан Асановго кылмыш иши ачылды

Бүгүн, 14-августта мурунку ИИМдин орун басары Курсан Асановго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурага Курсан Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча ички иликтөө кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы келип түшкөн.

« 7-8-август күндөрү ИИМнин мурунку орун басары, генерал-майор Курсан Асанов ИИМ министринин буйруктарын аткарбастан, аны менен кеңешпей туруп ИИМдин кызматкерлерин башкаруусуз, коркунучта калтырып мыйзамды одоно бузган. Мындан сырткары, далил буюмдарды жана тергөөгө керектүү документтерди жашыруу менен жазык-процессуалдык мыйзамдарды сактаган эмес», — деп жазылат маалыматта.

Ага карата «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлдү.

Асановдун ишин тажрыйбалуу тергөөчүлөр тергейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>