Башкы прокуратура: Митинг өткөрүүгө тыюу салуу мыйзамсыз жана негизсиз чечими болгон

Башкы прокуратура: Митинг өткөрүүгө тыюу салуу мыйзамсыз жана негизсиз чечими болгон

1-июлга чейин  Бишкектин борборунда митинг жана жайналыш өткөрүүгө тыюу салуу мыйзамсыз жана негизсиз чечим болгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек мэриясы атайын токтом кабыл алып, шаардагы административдик райондордун башчыларына 1-июлга чейин тынчтык митинг жана жыйналыштарга чек коюу тапшырма берген.

Райондук администрациялар  митингдерге чектөө коюу боюнча сотторго арыз берип, ал канааттандырылган. Бул чечимге каршы болгон Бишкек шаардык прокуратурасы соттор чыгарган негизсиз  чечимдер жокко чыгарылышы керек деп эсептейт.

Шаардык мэриясы шаардын борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу токтому коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө үчүн кабыл алынганын  билдирген.

8-март күнү аялдардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктар менен өтө турган жүрүш белгисиз адамдар тарабынан үзгүлтүккө учурап, иш-чарага келгендерди милиция кармап кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>