Башкы прокурор Жамшитовдун орун басарларынын декларациясында кандай байлыктары катталган? (тизме)

Башкы прокурор Жамшитовдун орун басарларынын декларациясында кандай байлыктары катталган? (тизме)

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дардановдун кирешеси 1 миллион 20 миң 667 сомду, чыгашасы — 278 миң сомду түздү. Бул тууралуу маалымат салык кызматы 2018-жыл үчүн декларациялык кампанияны аягына чыгарып, анын жыйынтыгында маалым болду.

Нурлан Дардановдун  менчигинде «Мерседес-Бенц 320» унаасы жана 2 миң чарчы метрлик айыл чарбага мүнөздүү болбогон жер аянты бар.

Башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаманбаев 584 миң 927 сом иштеп тапкан. Анын 180,1 жана 32,1 чарчы метрлик батирлери, 250 миң сомдук эмеректери, 300 миң сомдук оргтехникасы, 500 миң сомдук фото жана видеотехникасы бар.

Башкы прокурордун дагы бир орун басары Нурлан Дүйшембиев 1 миллион 91 миң 376,52 сом иштеп тапкан. Анын 60, 5 чарчы метрлик батири бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>