Баткен окуясына арналган көркөм фильмдин сценарийине сынак жарыяланды

Баткен окуясына арналган көркөм фильмдин сценарийине сынак жарыяланды

Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы 1999-жылдын июль-ноябрь айларындагы Баткен окуясына арналган толукметраждуу көркөм фильмдин “мыкты сценарийине” сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Сынакты өткөрүү жана сценарийлерди кабыл алуу мөөнөтү.

Сынакты  өткөрүү боюнча жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына же интернет ресурстарына расмий жарыяланган күндөн баштап: 2020-жылдын 18 -февралынан 20-мартына чейин өткөрүлөт. Сценарийлер 2020-жылдын 20-марты саат 17.00гө чейин кабыл алынат.

Конкурска катышуу тартиби:

“Мыкты сценарий” сынагына Кыргызстандын жараны болгон кесипкөй адистер (киночулар),  жазуучулар, журналисттер жана адабиятчылар катыша алышат.

Сынактын катышуучусу “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын Көркөм кеңешинин кароосуна өз сунушун коштомо каты менен конвертте чапталган түрдө берет. Конверттин бетинде катышуучунун аты жөнү, фамилиясы, атасынын аты, электрондук почтасы, телефону жана “СЫНАККА” деп жазылышы керек

Сынакка сунушталган сценарийге коюлуучу техникалык талаптар:

  • 5 нускадан турган киноценарийдин тексти, анын электрондук версиясы;
  • текстин тили – мамлекеттик жана расмий;
  • текстин форматы — Microsoft Word “doc”;
  • сценарийдин көлөмү – 100 бет (хронометражы 90 мүнөткө чейин);
  • шрифти — 12 Times New Roman;
  • текстин жайгашуусу: жогору жагы -2,5 см, төмөнкү жагы -1,2 см, сол жагы -3,7 см, оң жагы- 2,5 см.

Сынактын жалпы талабы:

Башка жолдор менен жиберилген сунуштар каралбайт. Жиберилген сунуштар рецензияланбайт жана кайтарылбайт.

Байланыш:

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Д. Асанова көчөсү, 1., Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясы,. Тел.:  +996 312 344 569, 344 626. Факс: 344631. Конверттин сыртында Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясы, “СЫНАККА” деп жазылыш керек.

Электрондук дарек:  office@kyrgyzfilm.kg

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>