Баткен жана Талас обулусундагы 146 миң адамдын таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө

Баткен жана Талас обулусундагы 146 миң адамдын таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Келишим Сауд Аравия фондунун ортосунда түзүлүүдө.

Суу ресурстары агенттигинин башчысы Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында, келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар көлөмүндө каражат берилмекчи.

Таза суу департаментинин өкүлү таза суу тутуму курулгандан кийин, жабдууларды күтүү жоопкерчилиги айыл өкмөттөрүнө жүктөлөрүн, ал эми суу курулмаларын курууга чыгымдалган насыя каражат акталганга чейин суунун баасы айылдык кеңеш тарабынан белгиленерин билдирди. Насыя каражат акталгандан кийин суунун баасы арзандашы мүмкүн. Аны дагы жергиликтүү кеңеш чечет.

Долбоордун жыйынтыгы менен Баткен жана Талас обулусундагы 146 миң адамдын таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>