Баткенде 5 жылкыны уурадаган адамдан курал жарактар алынды — сүрөт

Баткенде 5 жылкыны уурадаган адамдан курал жарактар алынды — сүрөт

Баткенде мурда бир нече жолу соттолгон жана кылмыш дүйнөсүндо өз орду бар жарандан курал-жарактар алынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан 32 жаштагы шектүү  ИИМдин атайын катоосунда турган жана ал 20-февраль күнү 5 баш жылкы уурдоого шектелип издөөдө жүргөн.

Аны кармаган учурда жанынан белгисиз маркадагы автомат, пистолет, бычак жана кара маска алынган. 

Чогултулган материалдар кылмыштардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>