Баткенде коронавируска шектелгендердин анализдери чыкты

Баткенде коронавируска шектелгендердин анализдери чыкты

Баткенде коронавируска шектелип ооруканага жаткырылган эки жарандын тапшырган анализдери чыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей,  алардан коронавирустун белгилери тастыкталган эмес.

5-февраль күнү дене табы көтөрүлгөн 2 жаран коронавирус күмөнү менен Баткендин биргелешкен ооруканасына алынып келген. Алар Кыргызстанга Кытайдан Тажикстан аркылуу келишкен.

Буга чейин “Турмуш” басылмасы Баткен районундагы “Кызыл-Бел” чек ара пунктунан коронавирус жуктурду деген шек менен 2 адам ооруканага жаткырылганын жазып чыккан.

сүрөт: sputnik.kg

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>