Баткенде оор жүк ташуучу унаа уйду сүзүп, артындагы унаалар жолдон чыгып кеткен

Баткенде оор жүк ташуучу унаа уйду сүзүп, артындагы унаалар жолдон чыгып кеткен

Баткен районунда оор жүк ташуучу унаа уйду сүзүп алып, артында келе жаткан эки унаа жолдон чыгып кеткен. Окуя кечээ, 24-октябрда катталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Ош—Баткен—Исфана жолунун 225-чакырымында оор жүк ташуучу уйду сүзүп кетти. Анын артында келе жаткан бир оор жүк ташуучу дагы бир унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсык катталган жерге Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери барып, окуяны жеринен иликтешти. Жабыркагандар жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>