Баткенде жаш келин күйөөсүнүн токмогунан каза болду

Баткенде жаш келин күйөөсүнүн токмогунан каза болду

Баткен шаарында аялын өлтүрө сабоого шектүү делип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 4-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Баткен обулустук ооруканасынын тез жардам  бөлүмүнүн кызматкерлери 1993-жылы туулган аялдын жансыз денесинин ооруканага келип түшкөнү боюнча милицияга кабар беришкен.

Ыкчам тергөө тобу обулустук ооруканага барып маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы менен маркумдун колдорунда, буттарында көк ала тактар жана күйүктөн улам этинин териси шылынган жаракаттар бар экени аныкталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 3-январь күнү саат 18:30да Баткен шаарынын 1989-жылы туулган тургуну 8 жылдан бери жашап жүргөн аялын пикир келишпестиктен улам өлгүчө сабап салганы аныкталган.

Аталган факты Жазык кодексиндеги 130-берене (Адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жубайлардын артында 3 баласы болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>