Батукаевдин иши боюнча соттук отурумдун болжолдуу датасы белгиленди

Батукаевдин иши боюнча соттук отурумдун болжолдуу датасы белгиленди

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурумдун болжолдуу датасы 11-октябрга белгиленди.  Бул тууралуу Репортер агенттигине райондук соттун басма сөз катчысы Асел  Равшанбекова билдирди.

“Азырынча 11-октябрды отурум өтө турган күн деп айтуу эрте, бул болжолдуу дата. Дагы такталат. Ал эми иш судья Эмил Кайыповко бөлүндү”, — деди ал.

4-октябрда Башкы прокуратура Батукаевдин иши боюнча айыптоочу корутундусун бекитип, кылмыш ишти Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кароого жиберген.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча 19 шектүүгө маалымдама тапшырылып, Бусурманкул Табалдиев Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Ал эми  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>