Бажы кызматы 6 ай ичинде бюджетке 100 млн сомдон ашык акча төктү

Бажы кызматы 6 ай ичинде бюджетке 100 млн сомдон ашык акча төктү

Мамлекеттик бажы кызматы 6 ай ичинде өлкө бюджетине 101 миллион 200 миң  сом түшкөнүн билдирди.

  • 4 миллион 300 миң сому  айып санкциялары боюнча;
  • 65 миллион 400 миң сом  бажы төлөмдөрүнүн эсебинен;
  • 31 миллион 500 миң сом  мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын эсебинен өндүрүлгөн.

Жалпысынан 6 ай ичинде контрабанда жана бажы эрежелерин бузган 743 факты каттоого алынган.

Анын 623ү бузуулардын бирдиктүү реестрине, 120сы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>