Бажы кызматы мыйзамсыз ташылып келе жаткан ири суммадагы товарды кармашты

Бажы кызматы мыйзамсыз ташылып келе жаткан ири суммадагы товарды кармашты

Мамлекеттик бажы кызматы 1 миллион 410 миң сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айлында “Ж. уулу Н.”, аттуу Кыргызстандын жаранынын  “DAF ХF95” үлгүсүндөгү унаасынан Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 20 тонна 250 кг болгон компот аралаштырмасы табылды. Кармалган товардын жалпы баасы 810 миң сомду түзөт.

Ошондой эле Баткен районуна караштуу Рабат айлынын аймагынан “А. уулу А.” аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Daewoo nexia” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 7500 пачка “CAVALLO” маркасындагы тамеки продукциясы табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 600 миң сомду түзөт.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>