Бажы кызматы журналисттик иликтөөдө айтылгандарга жооп кайтарды

Бажы кызматы журналисттик иликтөөдө айтылгандарга жооп кайтарды

Мамлекеттик бажы кызматы 3-декабрда жарыяланган “Азаттык”, “OCCRP” жана “Клооптун” иликтөөсүндө айытылган айрым фактыларга жооп кайтарды.

Кыргызстанга  мыйзамсыз кирип-чыгып турган миллиондогон долларлар тууралуу иликтөөнүн үчүнчү бөлүгүндө  көмүскө курьерлердин миллиондогон  долларларды  Кыргызстандан  кандай жолдор менен чыгарып турганы баяндалат.

Бул макалада бажы кызматынын мурдагы кызматкери Самат Исабековдун  интервьюсу берилген, анда ал: “Бардыгы буга көз жумушкан. “Манас” аэропортунан акча туруктуу чыгып турганын биз өз көзүбүз менен көргөнбүз. Биз жазаган видео, буга  далил боло алмак”, — деп айткан.

Жогоруда айтылган фактыга Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн расмий комментариин төмөндөгүчө билдирген.

“ЕАЭБдин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык, Бирликтин бажы аймагына бир жолку киргизилип-чыгарылган накталай акча каражаттарынын жана жол чектеринин жалпы суммасы бажы органына жүргүнчүнүн бажы декларациясын тапшырган күндөгү валюталар курсу боюнча эсептелген 10 000 АКШ долларынан  аша турган болсо мындай накталай акча каражаттары жана жол чектери  бажылык декларацияланууга тиешелүү.

Ушуну менен бирге кандайдыр бир бажы төлөмдөрүн төлөө ЕАЭБдин бажы мыйзамдары менен каралган эмес, буга байланыштуу макаланын  “өлкөнүн бюджети бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн жоготту” деген оюн берүүсү чындыкка дал келбейт.  

Бажы кызматынын мурдагы кызматкери Самат Исабеков бажы кызматында жетишерлик убакыт иштеп, ушундай жөнөкөй ченемдерди билбей, коомчулукту атайын адаштырып жатканы таң калтырат”, — деп жазылат бажы кызматынын маалыматында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>