“Бажыдагы миллиондор” иликтөөсүндөгү айрым фактылар боюнча кылмыш иши козголду

“Бажыдагы миллиондор” иликтөөсүндөгү айрым фактылар боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура “Азаттык” менен “Клооптун” «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөсүндө айтылган айрым фактылар боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Саимаитинин Кыргызстандын аймагында жүргөндө коркутууга кабылгандыгы жана айрым журналисттердин да коркутууга кабылгандыгы борюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган фактылар Жазык кодексинин “Адам өмүрүнө кол салуу” беренеси менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнү Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы жүргүзүп, Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>