Бекешев: Камчы менен жылаңач аялды эмес аткезчилерди чабуу керек — видео

Бекешев: Камчы менен жылаңач аялды эмес аткезчилерди чабуу керек — видео

Жылаңач жүргөн аялды камчы менен коркутпай, аткезчилерди, ууруларды колдон ары чабуу керек. Мындай пикирди депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып чыкты. 

“Аткезчилик ― бул коррупциянын бир бөлүгү. Президент коррупция менен күрөшүүнү приоритет катары койгон. Бирок укук коргоо органдары берилген тапшырмаларды так аткара албай келет. Аткезчилер 2020-жылы парламентке келебиз деп жатат. Алар аябай жыргап кетишти,  биз менен тойго, куран окутууга барып жатышат. ИИМ “уюшкан кылмыштуу топ жок” деп, Бажы кызматы “аткезчилик жок” деп жатат. Мүмкүн кагаз жүзүндө жоктур, бирок алар бизде бар”, — деди Бекешов.

Учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында укук коргоо органдарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү аткарган иштери талкууланып жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>