Белгилүү телережиссер Умтул Орозова 79 жашында көз жумду

Белгилүү телережиссер Умтул Орозова 79 жашында көз жумду

Белгилүү телережиссер жана коомдук ишмер Умтул Орозова 79 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Умтул Орозова маалымат жана маданият тармагына эмгеги сиңген инсан болгон. Ал кыргыздын тунгуч дирижеру, Кыргыз ССРинин эл артисти Шейше Орозовдун үй-бүлөсүндө 1940-жылы жарык дүйнөгө келген. Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы театралдык институттун режиссура факультетин бүтүргөн.

«Репортёр» маалымат агенттиги Орозованын жакындарына конук айтуу менен бирге аза кайгысын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>