Беловодскийдеги абакта тинтүү жүргүзүлүп, тыюу салынган заттар алынды

Беловодскийдеги абакта тинтүү жүргүзүлүп, тыюу салынган заттар алынды

Беловодский айылында жайгашкан №16 түзөтүү колониясында тинтүү жүргүзүлүп, бир катар тыюу салынган заттар алынды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, тинтүү  иш-чарасы бүгүн, 25-июлда өткөрүлүп, ага абак жайдын кызматкерлери жана кызматтык иттер тартылган.

Тинтүү учурунда табылган буюмдар:

19 — уюлдук телефон;

19 —  кулакчын;

160 сом акча каражаты,

33 — телефон кубаттагыч;

22 — телефондун аккумлятору;

5 — сим-карта;

39 — оюн картасы;

7 — электр жылыткыч;

175 —  кесүүчү жана көзөөчү буюмдар

80гр ачыткы (дрожжи);

23 — Спорттук шаймандар;

1 куту  Электрод;

15 темир кесүүчү буюм (резак);

2 лит күйүүчү май ж.б бир ктаар буюмдар табылган.

Ал эми качуу үчүн даярдалып жер асты менен казылган жайлар (подкоп) табылган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>