Бийиктиктен боюн таштаган өспүрүм ооруканада каза болду

Бийиктиктен боюн таштаган өспүрүм ооруканада каза болду

8-октябрь күнү Бишкектеги Коёнкөзов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан  кулап түшкөн өспүрүм ооруканада каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жабыркаган бала №3 балдар ооруканасынан Улуттук госпиталга которулуп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан.

Милиция  бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, бирок баланын бийиктен кулашынын себептерин айткан эмес.

Ушундай эле окуя 11-октябр күнү да катталды. Анда  Бишкектеги Никитин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан 14 жаштагы өспүрүм боюн таштап каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>