Биометрикалык паспортту даярдоо үчүн тендер жарыяланды

Биометрикалык паспортту даярдоо үчүн тендер жарыяланды

Кыргызстандын жарандары үчүн электрондук паспорттордун бланкаларын даярдоо жана жеткирүү үчүн тендер жарыяланды.

Сынактын талаптары Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылып, 973 миллион 123,5 миң сом бөлүүнөрү жазылган.

Конкурска түшкөн арыздар 2020-жылдын 19-мартында саат 17:00дө ачылат.

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендерди биринчи жолу 2018-жылы жарыялаган. Чет өлкөлүк беш компания катышкан тендердин жыйынтыгы ызы чуу менен аяктаган.

Паспорт тендериндеги жаңжал боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кетип, Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаевди камакка алган. Киийн алар тергөө менен кызматташууга макулдугун беришкен соң, соттун чечими менен үй камагына чыгарылышкан.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыяланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>