«Бир-Бол» партиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкерлердин тизмесин бекитти — фото

«Бир-Бол» партиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкерлердин тизмесин бекитти — фото

Бүгүн, 28-февралда “Бир Бол” саясий партиясынын Ош аймактык жыйыны болду. Бул тууралуу аталган партиянын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Анда “Бир Бол” саясий партиясы үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде өтө турган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкерлердин тизмесин бекитти .

Бул партиянын аймактык жыйынына “Бир Бол” фракциясынын депутаттары жана 200гө жакын делегат келди. Делегаттар Ош шаардык кеңешине болгон шайлоого аттанып жаткан 70 талапкердин тизмесин бир добуштан колдошту.

Жыйынга Жогорку Кеңештин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана эл өкүлү Дүйшөн Төрөкулов дагы катышты.

[su_image_carousel source=»media: 22018,22017,22016,22015,22014″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>