“Бир Болдун” депутаттары бир айлык маяналарын Саламаттык сактоо министрлигине которот — видео

“Бир Болдун” депутаттары бир айлык маяналарын Саламаттык сактоо министрлигине которот — видео

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаттары коронавирус менен күрөшүүгө жардам катары  бир айлык маяналарын Саламаттыкты сактоо министрлигине которот. 

Бул тууралуу “Бир Бол” фракциясынын лилдери, депутат Алтынбек Сулайманов социалдык тармакка жасаган кайрылуусунда айткан.

“Учурда Кыргызстандын жарандары коронавирус жуктуруп алган учурлар катталгандыгына байланыштуу өлкө үчүн ар бирибиздин салымыбыз, жардамыбыз маанилүү болуп турат. Бардыгыбыз тазалык эрежелерин сактап, эл көп топтошкон жерлерден алыс болуп, улуттун саламаттыгына өз салымыбызды кошолу”, — деген Сулайманов.

18-мартта коронавирус жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургуну болгон. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Азыр алар Жалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

https://www.facebook.com/altynbek.sulaimanov/videos/2801158550004664/

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>