Бир суткада жугуштуу оорулар ооруканасына 326 адам кайрылды

Бир суткада жугуштуу оорулар ооруканасына 326 адам кайрылды

Акыркы суткада Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 326 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 232 бейтап — жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Ичеги оорусу менен 22 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 7 адам ооруканага жаткырылса, 15 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Ал эми вирустук инфекция менен кайрылган 146 бейтаптын ичинен 50 адам ооруканага жаткырылып, 96 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү«, — деп айтылат маалыматта.

Булак: Марал

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>