Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир жумага карата аба ырайынын божомолун жарыялады. Анда 10-16-ноябрда аба ырайын кескин өзгөрбөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал.

10-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтулбөйт.

11-ноябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Толуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

12-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.  Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 2-7 метрге жетет.

15-ноябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>