Бирдиктүү депозиттик эсепке жалпы 1 млрд 668,5 млн сом топтолду

Бирдиктүү депозиттик эсепке жалпы 1 млрд 668,5 млн сом топтолду

2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейинки мезгилде бирдиктүү депозиттик эсепке 1 млрд. 668,5 млн. сом топтолду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Атап айтканда:

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Финпол) – 769 092 413,61 сом;

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК)– 313 291 977,11 сом;

Башкы прокуратурасынан  — 597 044 903,59 сом;

Ички иштер министрлигинен (ИИМ) — 7 085 821,72 сом келип түштү.

Эске сала кетсек, бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн ачылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>